• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мирзиеевдин эки кызы Каримовдун кыздарынын ордун басабы?

22 Теке 201913:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.07.2019. Govori.TV

Шавкат Мирзиеевдин кызы Саида уулунун эс алуудагы сүрөтүн жарыялап, сынга кабылды.

Өзбекстандын президентинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агентигинин директорунун орун басары Саида Мирзиеева Facebook баракчасына уулу Миромандын эс алуу учурундагы сүрөтүн жарыялады.  

Facebook колдонуучулары бир бала үчүн Чарбак эс алуу жайынын жээги тазаланып, башкалар сыртка чыгарылганын маалымдашты.

«Элдин акчасына эс алуу кандай сонун», «Биз балдарыбызды лагерге жөнөтүүгө акча артыра алган жокпуз», «Өзбекстандын пахта боюнча планы толду» деп какшыктагандар дагы болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда пахта терүүгө балдар тартылып, аны эл аралык уюмдар сынга алып келет.

Шавкат Мирзиеевдин эки кызы тең мамлекеттик кызматта иштейт. Чет элдик басылмалар аларды Ислам Каримовдун кыздарынын ордун басарын белгилешүүдө.

https://www.facebook.com/saida.mirziyoyeva/
Количество просмотров: 31