• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мирзиёев Эгемендүүлүк күнүнүн алдында камактагы 65 адамга ырайым берди

29 Баш оона 201910:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 65 жаранга ырайым берилет. Алардын ичинен 17 адам жазадан толук бошотулса, 13ү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылат. Мындан тышкары 20 жарандын жазасы жеңилдетилип, 14 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Дагы бир адам жатак абакка чыгат.

Ырайым берилген жарандардын арасында төрт аял, 60 жаштан ашкан бир адам, чет өлкөнүн бир жараны жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 39 адам бар.

Акыркы үч жылдын ичинде Өзбекстанда жети жолу мунапыс жарыяланып, жалпысынан 3 952 адамга ырайым берилди.

Количество просмотров: 12