• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мирзиёев бензин менен дизелдин резервин түзүү тапшырмасын берди

12 Бугу 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-майдагы жыйында өлкөдө бензин менен дизелдин резервин түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанды энергия менен камсыз кылуу маселелери талкууланган жыйында өлкөгө бензин жана дизель алып кирүүгө салынган бардык чектөөлөр алынганы маалымдалып, күйүүчү май импорттоочуларга насыяларды берүү чечими кабыл алынды.

Жыйында ошондой эле быйыл Өзбекстанга 5 миң электр унаасы алып келингени белгиленип, эми алар үчүн аймактарда тийиштүү инфраструктураны түзүү зарылдыгы айтылды.

Буга байланыштуу жакынкы үч жылдын ичинде өлкө боюнча электр унааларын кубаттоочу 3 500 жабдуу орнотуу боюнча атайын программа кабыл алынды. Аймактардын жетекчилерине быйыл мындай 900 жабдууну орнотуу тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 60