Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 113 камактагы адамга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Президенттин жарлыгына ылайык, мунапыска илинген 5 киши негизги жазасынан толугу менен бошотулса, 53 адам жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулат. Мындан тышкары 15 кишинин жазасы жеңилдетилип, 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскарат.
Белгилей кетсек, мунапыс берилгендердин арасында жашы алтымыштан ашкан жаран, эки чет элдик жаран жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын 105 мүчөсү бар.