• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мирзиёев Кыргызстанга качан келет?

19 Үчтүн айы 2023 13:14 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен “жакынкы арада” келери пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

«Эң жакынкы арада бул сапарды уюштурабыз деп ойлойм. Азыр конкреттүү даталар боюнча иш жүрүп жатат, бирок азырынча биз аны айта албайбыз. Бирок иш жүрүүдө»,-деди ал.

Эске салсак, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылган. ТИМ Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келерин кошумчалаган эле.

Количество просмотров: 66