• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мирзиёев мугалимдерге көчө шыпырткан аткаминерлерди иштен аларын айтты

16 Чын куран 2018 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.04.2018. Govori.TV.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун активисттери жана жооптуу жетекчилери менен жолугушуу учурунда мугалимдерди тазалык иштерине мажбурлап чыгарган аткаминерлерди сынга алды.

Мамлекет башчы борбордук көчөлөрдүн бирин тазалап жүргөндө КамАз сүзүп кеткен мугалим Диана Еникееванын өлүмү үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын билдирди. Мирзиёев мындан ары окутуучуларды мажбурлап иштеткен аткаминерлер кызматтан алынарын эскертти.

Мындан тышкары өзбек президенти аймактарга сапарга барарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “калп эле жакшы көрүнүү” үчүн жасакерленип калышарын билерин айтты.

«Мен бир регионго ал жактагы абалды билип туруп барам. Мага алдын ала маалымат беришет. Бирок көп жерлерде көз боёмолдоо байкалат. Чынын айтсам, мен өтө ыңгайсыз болом, мунун баары менин кыжырыма тиет. Мугалимдерге көчө тазалатуу жана шыпыртуу – мага гана эмес саясатка болгон чыккынчылык», –деди Шавкат Мирзиёев.

Сайхунабад активдери менен жолугушууда Мирзиёев атайын даярдалган кишилердин ыгы жок мактоо сөздөрүнөн дагы тажаганын кошумчалады.

Количество просмотров: 32