• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды

2 Теке 202417:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Митингдерди Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө болбойт.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Количество просмотров: 125