• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Митинг учурунда милицияга 27 адам жеткирилген

10 Үчтүн айы 2023 15:19 Бишкек Govori.TV

Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн милицияга 27 адам жеткирилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн кармалган активисттерди, блогерлерди жана саясатчыларды колдоо боюнча митинг уюштурулду.

«Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан. Жыйынтыгында Биринчи май райондук ИИБге 27 адам жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жагдай аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 183