• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Митингчилер Жээнчороевго желим бөтөлкө ыргытып, сүйлөтпөй коюшту

7 Тогуздун айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында кайрадан митинг өтүп жатат. Анда митингдин катышуучуларынын бири трибунага чыгып, сөз сүйлөп Бабановдун 5-октябрдагы митингге келбегенин айтты.

Ал арада трибунага чыгып, сөз сүйлөө аракетин кылган депутат, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевди чогулгандар желим стакан, бөтөлкө менен чаап, укпай коюшту. Мындан улам Жээнчороев сөз сүйлөй албай, алыстап кетүүгө чакырды.

Акциянын катышуучулары президентке импичмент жарыялоо керектигин айтышууда. Ошондой эле алар өзүн-өзү кызматка дайындап алган саясатчыларды кескин сындап жатышат.

Митингге “Республика”, “Замандаш”, “Реформа”, Бир Бол”, “Ата Мекен” жана “Реформа” партияларынын өкүлдөрү катышып жатат.

Количество просмотров: 48