• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Митингде 16 адам ар түрдүү жараат алганы айтылды

5 Тогуздун айы 202022:30 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Ала-Тоо» аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына эки адам «Тез жардам» менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени ушул тапта такталууда.

Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев жараат алганы айтылган.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатууда. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.

Катышуучулар Өкмөт үйүнүн тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалаганы менен митингчилер кайра аянтка кирүү аракетин жасап жатат.

Количество просмотров: 106