• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Митингде провокатор деп аталган жарандан А. Шыкмаматов кечирим сурады

29 Чын куран 201917:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Уранды казууга каршы уюштурулган митингде айрым саясатчыларга микрофон бербей койгону үчүн чыгымчыл аталган Агзам Данияров видеобилдирүү жасады. Анын кайрылуусунда, ал эч кандай провакатор эместигин айтып, даарыгер болуп иштээрин жана уран темасын саясатташтырбоого чакырды.

видео kaktus.media

Бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирүү жасады: «Агзам, иним, мен уран боюнча да өзүн менен тилектешмин. Уранды казууну токтотуунун бир жолу, мыйзам кабыл алуу, башка жол жок. Митингдин да негизги урааны, тез арада мыйзам кабыл алуу болчу. Ошондуктан уран казууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары пикиримди билдирейин эле дегем. Сенин патриоттук сезимине таазим этем! Сени провокатор болушу мүмкүн деген божомолум үчүн сенден расмий түрдө кечирим сурайм!! Аман бол, бар бол!»,- деп жазган Шыкмаматов.

Эске салсак, 26-апрелде Ак үйдүн алдында жана аянтта “Биз уранды казганга каршыбыз” деген ураан менен эл митингге чыгышкан. Анда митингдин катышуучулары саясатчыларга сөз бербей, микрофонун алып коюшкан.

Количество просмотров: 32