• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Митингден кийин жашылдардын лидерин укук коргоо органдары алып кетти

30 Чын куран 201916:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-апрелде Ала-тоо аянтында “Жашылдар” партиясы уранга каршы митингге чыккан. Митингден кийин партиянын лидери Эркин Бүлөкбаевди укук коргоо органдарына алып кетти. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы тастыктады.

https://www.facebook.com/sadanbekov/videos/2235232839853801/

Маалыматка ылайык, Эркин Бүлөкбаевге кодексти бузуу боюнча 3000 сом айып пул коюлат. Шаардык ички иштер башкармалыгы Эркин Бүлөкбаев эки жолу соттор митинг өткөрүүгө тыюу салганын эске албай, бүгүн Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөнүн түшүндүрдү.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 30-апрелде “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салган. Буга чейин “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлөкбаев митингди Горький атындагы аянтчага өткөрүүнү сунушташканын, бирок, алар Ак үйдүн астына чыгууну көздөп жатышканын билдирген.

Количество просмотров: 25