“Ала-Тоо” аянтындагы митингди таркатуу учурунда 20дай адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн тез жардам кызматы маалымдады.
Жаракат алгандарды Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга, Бишкек шаардык №1 ооруканасына “Тез жардам” менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени ушул тапта такталууда.
Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев жараат алганы айтылган.
Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатууда. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.
Катышуучулар Өкмөт үйүнүн тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалаганы менен митингчилер кайра аянтка кирүү аракетин жасап жатат.