• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ММА мушкерин сабап, телефону менен 500 миң сомун алып кетишкен

19 Кулжа 20199:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

Чүй облусунун Виноградное айылында ММА мушкери 24 жаштагы Муса Юсуповду сабап, телефону менен жанындагы 500 000 сомун тоноп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Жабырланган адам түшкөндүгүн ооруканадан милицияга кабарлашкан. Мушкер ал жерден милицияга арыз жазып, кол салгандар 500 000 сому менен телефонун тартып алышканын билдирген.

Эске салсак, буга чейин ММА мушкери Муса Юсуповдун сабалышы боюнча маалымат тараган.

Алдын ала маалымат боюнча кылмышка өз ара начар мамиле себеп болгондугу айтылат.

Мындан тышкары жабырлануучу менен сабап кеткендер тууган болуп чыгышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Териштирүүнүн натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Булак: sputnik.kg


Количество просмотров: 13