• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ММК: Инанды FETO уюмунун Борбор Азиядагы лидери экенин мойнуна алды

13 Теке 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы кыргыз-түрк «Сапат» лицейлеринин президенти Орхан Инанды FETO уюмунун Борбор Азиядагы лидери экенин мойнуна алды. Бул тууралуу кечээ, 12-июлда «CNN» басылмасынын түрк редакциясы.

Алардын маалыматына ылайык, Инанды FETO уюмунун лидери Фетхуллах Гүлен тууралуу, ошондой эле уюштуруу жана байланыш иштери, FETO уюмунун башка мүчөлөрү, Фетхуллах Гүлен жашаган АКШнын Пенсильвания штатындагы ишмердүүлүк боюнча маалымат берди.

«TRT Haber» басылмасы жазгандай, Инандыга «куралдуу террористтик уюм менен башкарган» деген айып тагылууда.

Количество просмотров: 1919