• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мобилдик байланыш үчүн эми акы төлөнө баштайт

24 Теке 2018 17:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо ЖКтин депутаттарынын демилгеси менен 2013-жылда толуктоо киргизилген «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныда (9-1-беренеси) каралган. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык мобилдик каражаттардын эл аралык идентификаторлору (имей коддору) Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасына киргизилиши керектиги каралган.
Мобилдик каражаттарды каттоо өлкө үчүн өтө маанилүү, себеби бул мыйзам жарандарды телефон уурдоодон, котрабандалык жана кроонтрафакттык (калкка заводдон чыгарылган деп алдап сатылган) продукциялардын алынып келишинен сактайт, ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишин башаты болуп саналат. Уурдалган телефондорду колдонууга мүмкүн болбой калат.
Мындан сырткары, терроризмге жана экстремизмге каршы туруу сыяктуу коомдук коопсуздукту камсыз кылууга болот. Бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар.
Мобилдик каражаттарды каттоо өлкөгө ташылып келген учурда бир гана жолу  ташып келүүчүлөр жүргүзөт. Калган бардык учурларда телефондун ээси алмашкан же болбосо сим-карта алмаштырылган учурда телефонду кайра тариздөө акысыз жүргүзүлөт.
Азыркы учурда мобилдик телефондору бар жана аларды пайдаланып жаткан жарандар үчүн каттоо акысыз жүргүзүлөт. Абоненттердин маалыматтарын байланыш операторлору беришет. Бул рынокту ачыктоого шарт түзөт. Мисалы, Азербайжанда мындай каттоо 5 манат турат, бул боложол миенен 200 сомду түзөт.
Мындан сырткары онлайн режимде каттоодон өтүүгө болот.
Количество просмотров: 16