• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Мойнун кескилеген жалгыз бой ата сот залында өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

24 Бештин айы 201815:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV

Кара-Балта шаарында турак үй үчүн депутат менен соттошуп жаткан 3 баланын атасы Алишер Асатуллаев соттун чечимин угуп, сот залында кайрадан өзүнүн жанын кыюуга аракет жасады.


19-декабрда Т.Турсунбековдун төрагалыгынын алдында сот отуруму өтүп, анда өзбекстандык Алишер Асатуллаевди Кыргызстандан депортация кылуу чечими кабыл алынды.

Сотто Ассатулаев Өзбекстандын жараны экендиги, ал каттоонун белгиленген тартибин бузуп, Кыргызстандын аймагында жашоого уруксат документтери жок күн кечиргендиги айтылды.

Ошондой эле, ал КРдин Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылды.

А.Асатуллаев соттун бул чечимин уккандан кийин сот залында өз өмүрүнө кол салып, уулуу затты оозуна салып жиберди. Залдагы милиция кызматкерлери анын оозундагы ууну күч менен алып чыгууга аракет кылышты.


Алишер Асатуллаевдин тарапташтары аны Кыргызстандан депортация кылуунун себебин, Алишер жергиликтүү кеңештин депутатынын күнөөсүн далилдей тургандыгы менен байланыштырып жатышат.

Алар депутат бир бөлмөлүү батирди алуу үчүн документтерди бурмалаган деп эсептешет. Бул үчүн Алишер аны менен эки жылдан бери соттошуп келүүдө дешет.

Булак: «Turmush» басылмасы

Количество просмотров: 32