• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

14 Жалган куран 202415:21 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, «С5+1» аймактык диалог платформасынын алкагында кызматташуу, маанилүү кен байлыктар жана банктар аралык кызматташуу боюнча, ошондой эле КРдин жарандары үчүн АКШ визасынын жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Количество просмотров: 72