• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Молдокматов №1 тергөө абагына которулду

6 Баш оона 2021 16:48 Бишкек Govori.TV

«Туран» партиясынын лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматовду Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которушту. Бул тууралуу партиялаштары билдирди.

Ал эми саясатчынын тарапташтары жүрөгүн текшерип турган аппарат коюлганы менен толук анализден өтө электе тергөө абагына которуп жиберишкенине нааразы болушуп, Молдокматовду стационардык ооруканага жаткырууну талап кылышууда.

Эске салсак, 5-августта камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов Акыйкатчынын аппарат кызматкерлеринин жана партиялаштарынын өтүнүчү менен ачкачылык акциясын токтоткон. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 227