• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Молдокматов: Бүгүнкү болгон башаламандык бийликтин мойнунда

6 Тогуздун айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү болгон башаламандык бийликтин мойнунда. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, 5-октябрдагы митингде бийликке кечки саат 20:00гө чейин убакыт берилген.

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңештин негизги максаты — учурдагы абалды жөнгө салуу. Бул туурасында аталган кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.

Анын курамына «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», КСДП, «Реформа» жана «Ордо» партиялары кирди.

Координациялык кеңеш митингчилер тарабынан Ак үй алынгандан кийинки абалды түшүндүрүп берүү үчүн Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берди.

Количество просмотров: 58