• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды

16 Бештин айы 201916:03 Бишкек Govori.TV

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, биринчи инстанциянын чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту колдоду.

Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевге карата актоочу өкүм чыгарган болчу.

Количество просмотров: 86