Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.
Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айып пул салды.
Маалыматка ылайык, Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деген жүйө менен Момбековдон 1 миллион соме өндүрүүнү талап кылган.Буга байланыштуу сот 26-июлда Рыскелди Момбековду Бакыт Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.
Ал эми соттун бул чечимине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков нааразычылыгын билдирди.
“Райондук соттун чечиминин үстүнөн облустук сотко жана соттордун Тартип комиссиясына арызданам. Депутат парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча куугунтукталбашы керек. Бул туура эмес”, — деди ЖКнын депутаты
Эске салсак, Рыскелди Момбеков буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Бакыт Шаршембиевдин ишин сындап, ага карата кылмыш иши козголгону боюнча маалыматтын чоо-жайын сураган. Ал эми Шаршембиев «Момбеков жалган маалымат таратып жатат» деп сотко арызданган.