Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.
Депутат Рыскелди Момбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери тарабынан жаңы муундагы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганды тууралуу ЖКнын жыйынында сөз кылып, Башкы прокурорго камакка алынган аткаминээрлер туурасында суроо узатты.
Эске салсак, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 17-апрелде прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчет берди. Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2018-жылдагы отчетун бир добуштан жактырды. Жыйында 109 депутат «макул» деп добуш берди.