• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков, Карамушкина, Мискенбаев КСДПнын катарынан чыкты

27 Бугу 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Адил Турдукулов КСДП партиясынан чыкты. Бул тууралуу Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдирген.

Турдукуловдун айтымында, 26-майда партиянын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, анда ушул тапта камакта жаткан экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да партиянын катарынан чыккан.

«Партиянын ичинде бир пикирге келүү оор, керек болсо мүмкүн эместей сезилди. Ошондуктан мен партиядан чыгууну чечтим. Менин пикиримде жаңы партия түзүүнүн кажети жок болчу. Тескерисинче, тарыхы бар партияны күчтөндүрүүгө аракет жумшоо керек болчу», — деп билдирген Турдукулов.

Саясий кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевин кайрылуусу окулган. Мурдагы президент «кыйын учурда партия биримдикте болсо болмок» деген  пикирин жолдогон.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын катарынан Адил Турдукулов менен бир партияда болууну каалабагандыгынан чыккандыгын айткан.

Ал эми Рыскелди Момбеков КСДПдагы ич ара каршылашкандардан улам партиянын катарынан чыга турганын маалымдаган.

Белгилей кетсек, учурда КСДП партиясы Алмазбек Атамбаев түзгөн КСДП жана анын уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаевдер түзгөн “Кыргызстан социал- демократтар партиясы” болуп экиге бөлүндү.

Атамбаевдин уулдарынан бул кадамын Адил Турдукулов сынга алды.

https://www.facebook.com/100007337918529/posts/2548269565427616/

Белгилей кетсек, КСДПнын тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча партиянын скясий кеңешинин жыйынынан кийин маалымат бериле турганы айтылган эле.

Количество просмотров: 127