• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Момбеков: Өкмөткө өкүргүм дагы, өтүнгүм да келбей калды

26 Аяк оона 2019 12:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депуты Рыскелди Момбеков Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, Чокморовдун 80 жылдык маарекеси өкмөттүк иш-чара болуш керек эле.

Өкмөт бул иш-чараны өткөрүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп койсо, министрлик аны Кинематография департаментине өткөрүп салыптыр. Ошол кишинин деңгээлин департаментке түшүрөсүңөрбү? Анан да иш-чара өткөрүүгө бир сом дагы акча каралбаптыр. Өкмөткө өкүргүм дагы, өтүнгүм да келбей калды. Мен президентибизге кайрылам. Кыргызда “Кыргыздын өңү Сүймөнкулдун өңүндөй” деген сөздүн төркүнү төгүн болбосо, урматтуу президент, президенттик фондуңуздан Чокморовдун өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жашыл акчадан берип койгула. Уят болбой өткөрүп алалы. Ал тарыхтагы татыктуу киши,- деди Момбеков.

Количество просмотров: 213