Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.
ЖК депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт башчынын отчетун көрүп алып күлкүсү келгенин айтып, бардык жактан өсүш болуп атат деп айтып жатышканын, бирок өсүштү өкмөттөн башка эч ким көрбөгөнүн билдирди.
“Өсуш, өсүш дейт, ал өсүштү өкмөт эле көрбөсө карапайым эл көргөн жок, мен көргөн жокмун”,- дейт Момбеков.
Өсүш болсо жок дегенде бир тармактын айлыгы көтөрүлмөктүгүн же иш кана ачылмактыгын айтып, өкмөттүн отчету карапайым калк үчүн калп отчет экенин билдирди.