• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Момбеков: «КТ Мобайл» афера компания

15 Бугу 2019 16:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

ЖК депутат Рыскелди Момбеков буга чейин “Кыргызтелекомдогу” кыңыр иштерди айтып чыкканда, эч ким көңүл бурбай койгонун” айтты.

«Мен баардык маалыматтарды топтоп алып чыкканда менин аныктамамды кесиптештерим колдобой койгон. Аныктамамда бары жазылган болчу. Мындайча айтканда «КТ Мобайл» арам акчаларды адалдай турган эле фирма болуп калган»,- деди Момбеков.

Эске салсак, «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты чете кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Количество просмотров: 21