• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Момбеков Мадумаровду таяктайбы?

13 Бештин айы 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV.

НТС каналында Адахан Мадумаров менен дебатка чыккан Рыскелди Момбековго «Азия Ньюс» гезитинин кабарчысы кайрылып, көрсөтүү тууралуу пикирин сураган.

Рыскелди Момбеков Адахан Мадумаров тууралуу «Каркыраны бергенде кайда элең? Светлана Назаренкого эмгек сиңирген артист наамын бергениңди эмнеге айтпайсың? Манастын күмбөзүн эмнеге каздырдың эле? Жаңгак чыры менен жалпайта чапканын эмнеге айтпайсың? Эртеси Бакиевден «кечирип коюңуз, экинчи бейбаштык кылбайм» деп тизелеп кечирим сураганыңды сен айтпасаң деле Бакиевдин пресс-катчысы мага айтып берген» демекмин.  Эми аларын айткан жокмун. Мадумаровдун маданияты жок экен да. Айтыша турган киши эмес экен. Ал бир күнү менден таяк жейт, точно. Жиниме тийди» деп айтып берген.

Ошондой эле «Буга чейин аны жакшы билчү эмес белеңиз?» деген журналисттин суроосуна Рыскелди Момбеков «Аны менен биринчи жолу дебатка чыгып атам. Текебер турбайбы!..» деп жооп берген.

Количество просмотров: 25