• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Момбеков: Түлеевдин мүлкүн кайтаруу маселесин кайра кароо керек

17 Чын куран 201915:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү мыйзамсыз конфискацияланган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

«Ал түрмөдө олтурду, кетирген чыгымды төлөп берди. Бирок, ага карабай, мүлкүн дагы, атасынын ишканаларын кошо конфискациялап жатат. Бул эмне деген? Соттун өкүмүндө мүлкүн тартып алуу жөнүндө айтылган эмес. Бир гана камоо керектиги айтылган. Бирок, ага карабай рейдерлик кылып тартып алышкан. Жаңы жагдайлар боюнча ушуну карап чыксаңар», — дейт Момбеков.

Депутаттын пикиринде, мурдакы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкүн конфискациялоо мыйзамдуу.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев «жемкорлук» беренеси менен соттолгон.


Количество просмотров: 23