• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Момбековдун саатын ким сурап алды?

20 Бугу 2019 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-май күнү иш сапары менен Ат-Башы районуна барып, жергиликтүү калк менен жолукту. Алардын катарында КСДП партиясынын депутаты Рыскелди Момбеков дагы барган.

https://www.facebook.com/kg.sdpk/videos/652834051847189/

Аталган жолугушууда Белек Төлөгөнөв аттуу Терек-Суу айылынын мугалими эл өкүлү Р.Момбековдон кол саатын белекке берүүсүн өтүнгөн. Бул маалыматты Турмуш сайтынын аймактык кабарчысы билдирген.

“Жолугушууга Р.Момбеков келсе кол саатын же калемсабын сурайын дегем. Бирок кымбат экенин билген эмесмин. Кол саат алтын экен жана КРнын президенти деген жазуусу дагы бар экен. Анда депутат: “Биринчи жолу ыңгайсыз абалга туш болдум. Оңго барсам атым өлөт, солго барсам өзүм өлөм. Келечекте сен дагы мендей депутат бол, сага саатымды таштап кетейин”,-деп айтты дейт 32 жаштагы мугалим.

Эскерте кетсек, буга чейин «Де-Факто» гезитинин журналистти Амантур Мусагулов дагы экс-президент А. Атамбаевдин кол саатын белекке сурап алган.

Количество просмотров: 11