• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мончодо зордукталган жаш баланын окуясын милиция териштирүүдө

24 Үчтүн айы 202118:21 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда жаш баланын мончодо зордукталган видеосу тарады. Анда белгисиз адамдын жаш баланы коркутканын көрүүгө болот.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин баштаганын билдирди.

«Видео качан, кайсы аймакта тартылганы белгисиз. Министрлик тарабынан өлкөдөгү бардык Ички иштер бөлүмдөрүнө кабар берилип, зордуктаган адамды издөө иштери башталды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 6803