• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Монголиянын президенти Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

13 Үчтүн айы 202115:21 Бишкек Govori.TV

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Азыркы учурда тарых, маданий салт-санаа, демократия, адам укугу менен эркиндиги сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделген Моңголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамиле, кызматташтык бекемделип барат. Сиз менен мындай мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүүдө тыгыз кызматташтык улантыларына толук ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Количество просмотров: 179