• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Мордовияда 56 жаштагы кыргыз жараны жергиликтүү тургундун колунан каза болду

9 Жетинин айы 202012:45 Бишкек Govori.TV

Мордовияда 56 жаштагы Кыргызстандын жараны жергиликтүү тургундун колунан каза болду. Окуя 6-ноябрга караган түнү эт комбинатында болгон. Нөөмөт өткөрүү учурунда жумушчулардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада Торбеево айылынын 33 жаштагы тургуну кыргыз жаранын башка муштаган. Жабырлануучу бутуна тура албай, жерге кулап түшкөн. Кыргызстандык баш мээсинен алган жаракаттан улам көз жумган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 88