• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Москва: Кыргыз жарандары бычакталган фактыга байланыштуу эки адам кармалды

16 Теке 2021 20:06 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Москва облусундагы Химки шаарында төрт кыргыз жараны бычакталган фактыга байланыштуу эки адам кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Ага ылайык, аталган шаардагы «Блок пост» бильярд клубунда 9-июлда түндө чыр чыгып, төрт кыргыз жаранын белгисиз адамдар бычактап кеткен.

Химкидеги полиция Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Кармалган эки адам күнөөсүн мойнуна алган.

Москвада 11-июлда “Кузьминки” метросунун жанында ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 72 кыргыз жарандары болгон.

Калайман мушташка байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон жана 16-июлда Кыргызстандын 71 жараны соттун чечими 15 суткага камалды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга бильярд клубда бычак жеген төрт кыргыз жаранынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин орун алганын билдирген.

Количество просмотров: 628