• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада 44 кыргыз жараны кармалды

8 Бирдин айы 2018 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.02.2018.Govori.TV.

Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 44 жараныны кармалды. Жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 35 кыргызстандык коё берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

«Калган тогузу миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталып, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Россиянын мыйзамдарына ылайык, аларга 5000 рубль айып пул салынат. Кара тизмеге киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Чет элдик жарандардын документтерин тактоо боюнча пландык текшерүү жүрүп жатканы боюнча, Текстильщик районундагы милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Элчиликке маалымат ыкчам байланыш телефону аркылуу түшкөн.

Ошондой эле элчилик жарандарды жашаган жерине каттого туруп жатканда ортомчулардын кызматын колдонбоону эскертет.

Эскерте кетсек, КСДП фракциясы миграция маселесин талкулап, Иса Өмуркулов мамлекеттик миграциондук кызматын сындап, мигранттардын бирдиктүу системалуу учету жок, деп айтты.

«Өлкөгө киргендердин саны белгилүу экен, чыккандардын саны белгисиз. Бул эмне биз дарбазаны ачып салдыкпы? Каалаганыңар Ассалому алейкум келгиле! Каалаган жериңерге иштегиле, бизде болгон мүмкүнчүлөктөрдү ошолорго берели, а биздикилер тентип жүрүшөт»,- деп белгиледи Иса Өмуркулов.

 

Количество просмотров: 14