Москвадагы кыргызстандык жакында эле өзү оңдоп-түзөөдөн өткөргөн имаратын айлыгын бербей койгондуктан талкалап салган.
Видеону тартып жаткан киши окуяны Пролетарская метро станциясынын аймагында болгонун айтат. Анын айтымында, ортомчулар убадасын аткарбай, имаратты оңдоого акча төлөбөй коюшкан.
«Мен азыр болжол менен 180 чарчы метр жерди талкалайм. Алар мага акчамды беришкен жок. Мага баары бир», — деген.