• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвада бадахшандык мигрант дайынсыз болууда, жакындары аны тажик атайын кызматы кармап кетти деп эсептөөдө

4 Баш оона 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургуну Москвадагы тергөө абагынан чыккандан бери дайынсыз болууда. Жакындары аны тажик атайын кызматы Душанбеге кармап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Рошткалы районунун тургуну Руслан Пулодбеков быйыл июлдун аягында миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Москвада кармалган. Жакындарынын айтымында, ал 29-июлда убактылуу кармоочу жайдан чыккандан бери дайынсыз болууда. Алар тажик атайын кызматы Русланды Москвадагы Памир диаспорасынын активисттери Ораз жана Рамзи Вазирбековдор менен бирге жашыруун түрдө Тажикстанга чыгарып кетиши мүмкүн деп эсептешүүдө.

Ораз жана Рамзи Вазирбековдор 29-июлда «Домодедово» аэропортунда жоголуп кетишкен. Эртеси интернетке алардын видеокайрылуусу жарыяланган. Анда алар Тажикстанга «өз каалоолору менен» келгенин жана «тергөө органдарында Хорогдогу окуяларга байланыштуу суроолор болгонун» айтышкан. Вазирбековдордун туугандары алардын жакында Тажикстанга келүү планы болбогонун, бул видеону тажик күч органдары атайын уюштурганын билдиришкен.

Руслан Пулодбековдун жакындары тажик бийлиги аны Москвадагы бадахшандыктардын активисти эсептелген Амриддин Аловатшоевдин досу болгону үчүн куугунтуктап жатат деп эсептешүүдө. Аловатшоев быйыл 11-январда жоголуп кеткен. Анда ал достору менен Орусиянын Белгород шаарында кармалганы кабарланган. 2-февралда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Аловатшоев Душанбеге өткөрүлүп берилгенин билдирген. Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Аловатшоев мекенине өз каалоосу менен келгенде камакка алынганын айткан.

Жыйынтыгында Тажикстанда Амриддин Аловатшоевге «Барымтага алуу», «Мыйзамсыз адамдын эркиндигин чектөө» сыяктуу беш берене боюнча айып тагылып, ал 18 жылга соттолгон.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуялар тууралуу жазган Pamir Daily News интернет-порталынын маалыматына караганда, акыркы жарым жылдын ичинде Орусияда бери дегенде эле бадахшандык беш жаран кармалып, Тажикстанга өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 158