Москвада Борбор Азиядан баргандар тобу мушташты. Бул туурасында vesti.ru жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган мушташ 4-августта «Добрынинская» метросунун жанында болгон.
Ал эми мушташка күбө болгон жарандардын айтымында, ага катышкан 40тай кишинин көбү таксисти болгон. Мушташтан эки киши жаракат алган.
Ал эми бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги укук коргоо органдарынан расмий маалымат түшпөгөнүн, бирок элчиликтин кызматкерлери окуяны иликтеп жатканын билдирди.