• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Москвада эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык аял кармалды

19 Баш оона 201914:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Москвада эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 50 жаштагы аялды алдамчылыкка жана документ жасалмалоого байланыштуу кылмыштарга шектүү катары Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы издеп жаткан.

Тергөө материалдарында ал кызмат өтөп жүргөн аскердик бөлүктүн каржы бөлүмүнө Ош-Бишкек-Ош каттамына ири суммага авиабилет сатылып алынганы тууралуу жасалма документ тапшырып, качып кеткени жазылган.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий бере элек

Количество просмотров: 26