• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Москвада калкты тейлөө борборундагы беткап чырынан эки киши каза болду

8 Бештин айы 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

Белгисиз киши Москванын түштүгүндөгү «Рязанский» мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борборунда ок чыгарды. Алдын ала маалымат боюнча эки киши – борбордун администратору жана күзөтчүсү каза болгон. Бул тууралуу «112» telegram-каналы билдирди.

Атышуу болгонун Москва мэри Сергей Собянин да ырастады. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Бул окуя боюнча «Киши өлтүрүү» жана «Мыйзамсыз курал сактоо» беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүү борборго жинденген абалда келген жана беткап үчүн чыр чыгарган. Аны Федералдык миграция кызматынын кызматкери кармаган.

Количество просмотров: 6412