Бүгүн, 30-мартта Москва шаарындагы ооруканада дагы бир бейтап коронавирус инфекциясынан көз жумду. Каза болгон аял 84 жашта болгонун «ТАСС» басылмасы коронавирус боюнча көзөмөлдөөчү оперативдүү штабга шилтеме берүү менен жазды.
«Бейтап жасалма жол менен дем алган. Ал ошондой эле кант диабети, бронх астмасы жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооруган», — деп штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күнгө карата Россияда коронавирус жуктурган 1836 адам катталып, 66 адам айыгып, 9 адам көз жумду. Инфекциянын көпчүлүк учуру Москвада (1226 учур) катталган.