• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада курулуш аянтчасында кыргыз жигитинин башына кирпич түшүп каза болду

7 Аяк оона 2018 9:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Москва шаарындагы курулуш аянтчасында жумушчунун башына курулуш крандан кирпич түшүп каза болду. Бул туурасында  «Москва» агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, аталган окуя 5-сентябрда кечинде Старокрымск көчөсүндөгү үйдүн курулуш аянтчасында болгон. Кыргызстанда туулган 21 жаштагы жигит жумушун бүтүп, үйүн көздөй жөнөгөн. Ушул учурдан жаш жигиттин башына курулуш крандан кирпич кулаган. Анын кесепетинен жигит алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.

Количество просмотров: 29