• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Москвада Кыргызстандык мигранттар мушташа кетип, бири каза болду

19 Кулжа 201914:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

Москвада Кыргызстандан барган мигранттар мушташа кетип, бири каза болгонун Орусиянын маалымат каражаттары жазып жатышат.

Окуя 19-июнда «Электрозаводская» метро станциясынын жанында болгон. Калайман мушташтан дагы үч адам жараат алып, ооруканага түштү.

«18-20 жаштагы жигиттер «Ысык-Көл» ресторанынан мас болуп чыгышкан. Баары тең кыргызстандыктар» деп жазды «Московский комсомолец» басылмасы.

Орусияда 600 миңден ашуун кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүргөнү расмий айтылган.

Количество просмотров: 12