• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада кыргызстандык жарандар жашаган батирде жарылуу болду (видео)

26 Баш оона 2020 20:27 Бишкек Govori.TV

Москвадагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде  газ баллон жарылды.Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 26-августта болгон. Анын кесепетинен үйдүн 3-4-5-кабаттары күйүп, көп кабаттуу үйдөн 16 адам куткарылган. Жабыркаган 4 адамдын ичинен экөөнүн абалы оор.

«Московский комсомолец» басылмасы жарылуу болгон Кубинка көчөсүндөгү үйдүн 3-кабатындагы батирди 44 жаштагы Гүлбахор 22 жаштагы уулу Тилекбай жана кызы менен ижарага алып, жашап жатышканын жазды.

Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүү кызматы өрттү толугу менен чектеген. Жарылуу учуру көзөмөл камераларына тартылып калган.

https://www.instagram.com/p/CEV_hkvjv-7/?utm_source=ig_web_copy_link
Количество просмотров: 1152