• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Москвада кыргызстандык жигит ок жеп, ооруканада жатат

28 Аяк оона 2021 18:53 Бишкек Govori.TV

Москвада октон жаракат алып, ооруканада жаткан кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга 26 жаштагы кыргызстандык жарандын башына ок тийгени тууралуу маалымат түшүп,»Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирген.

Бул факты боюнча Москва шаарынын Красносельск райондук тергөө бөлүмү «Адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Элчилик жарандын абалы оор болгондуктан аны менен байланышуу мүмкүн болбогонун белгилеп, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен чогуу бул ишке байкоо салып турарын маалымдады.

Количество просмотров: 491