• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коронавирус: Москвада бир катар чектөөлөр кирди

21 Тогуздун айы 2021 18:40 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин бир катар чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Тиешелүү жарлыкка шаар мэри Сергей Собянин кол койгон.

28-октябрдан тарта Москвада киргизиле турчу чектөөлөр:

  • Соода-сатык жана тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын иши токтотулат. Ошол эле учурда дарыкана, азык-түлүк жана биринчи керектөөдөгү товарларды саткан дүкөндөр иштейт.
  • Кафе менен ресторандар да тамак ташып иштесе болот;
  • Мектеп менен бала бакчаларга каникул жарыяланат, ийримдер менен секциялар да иштебейт. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окуйт;
  • Медициналык уюмдар планы боюнча иштей берет.
Количество просмотров: 5104