• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвадагы массалык мушташ: 15 кыргыз жараны кармалды

3 Үчтүн айы 2022 18:50 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында 1-январь күнү мигранттар арасында болгон массалык мушташ тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда милицияга Кыргызстандын 15 жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен Кыргызстандын бир жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү.

«Ушул жылдын 2-январында Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышты.Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 858