Орусиянын Москва шаарында мигранттар арасында массалык мушташ орун алып, натыйжада 230 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мушташ курулуш жүрүп жаткан жерде чыккан. Пресненск районундагы милиция бөлүмүнө 170 адам жеткирилген. Алардын 116сы өзбектер, 35и тажиктер, 12си түрк, 4 кыргыз жана 1 белорусь жараны. Ал эми башка бөлүмүнө 60 мигрант жеткирилген. Кармалган 230 адамдын баарына протоколдор толтурулуп, тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөн.
Учурда мушташтын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.