• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн 2002-жылы туулган кыргыз жараны кармалды

12 Үчтүн айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары жоопко тартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам ИИМдин Таган райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалып жана эки жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Количество просмотров: 210