Россиянын Москва шаарындагы Түндүк Тушино районунда чыккан өрттөн кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу «Москва. Түндүк-Батыш административдик округу» басылмасы билдирди.
Планерная көчөсүндө жайгашкан чакан үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүлгөндөн кийин, ичинен 25 жаштагы кыргызстандык жигиттин денеси табылган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.
Булак: АКИпресс.